Башкы бет
Жалпы өкүмдөр
Башкаруу түзүмү
Халифа
Тафвид муавини
Танфиз муавини
Жихад амири
Кошуун
Казылык
Валийлер
Идарий жихаз
Үммөт межлиси
Ижтимаий түзүм
Экономикалык түзүм
Таалим саясаты
Тышкы саясат

86-берене

Ислам мамлекети өкүм жүргүзүп жаткан өлкө вахдаттарга бөлүнөт жана ар бир вахдат вилаят деп аталат. Өз кезегинде ар бир вилаят да вахдаттарга бөлүнөт жана алар амала деп аталат. Вилаятка жетекчи болгон адам валий же амир, амалага жетекчи болгон адам аамил же аким деп аталат.

Валийлер

87-берене

Валийлер халифа тарабынан дайындалат. Аамилдер халифа тарабынан жана халифа дайындоо укугун берген валий тарабынан дайындалат. Муавиндерге коюлган шарттар валий жана аамилдерге да коюлат т.а. алар эркек киши, азат, мусулман, балагат жашына жеткен, толук акылга ээ, адилеттүү жана тапшырылган иштерге жөндөмдүү болуулары шарт. Алар таква жана күчтүү кишилерден тандалып алынат.

Валийлер

88-берене

Валий өз вилаятында халифанын орунбасары катары өкүм жүргүзүү жана идаралардын иштерин көзөмөлдөө укугуна ээ. Ал өз вилаятындагы калк үстүнөн өкүм жүргүзөт о.э. финансы, казылык жана кошуундан тышкаркы вилаятына тиешелүү бардык иштерди көрүп чыгат. Бирок, шурта идарий жактан эмес, балким, аткаруу жагынан анын кол астында болот.

Валийлер

89-берене

Валий амирлиги талап кылган укуктарга негизделип, кылган иштеринен халифаны кабардар кылышы важиб эмес, бирок, ыктыярдуу түрдө кабар берип турушу мүмкүн. Эгер мурда учурабаган бир окуя жүз берсе, аны халифаны кабардар кылганга чейин кечиктирип турат, кийин анын буйругуна карай иш кылат. Эгер күтүү себептүү бузулушунан корксо, ал ишти ишке ашырат. Кийин халифага бул ишти ишке ашырганын жана аны кабардар кылбаганынын себебин билдириши ва-жиб.

Валийлер

90-берене

Ар бир вилаятта өзүнүн калкынын арасынан шайланган межлис болот, ага валий жетекчилик кылат. Бул межлис өкүм жүргүзүү иштеринде эмес, балким, идарий иштерде рай билдирүү укугуна ээ. Межлистин райы валий үчүн мажбурий эмес.

Валийлер

91-берене

Вилаятка бир адамдын валийлик кылуу мөөнөтү созулуп кетпеши керек. Валийдин вилаятта бекем орношуп алып жатканы же адамдардын ага көп ыктап баратканы сезилсе, мындай абалда ал валийликтен азат кылынат.

Валийлер

92-берене

Валий бир вилаяттан башка вилаятка көчүрүлбөйт, анткени, анын валийлиги умумий назар жана белгиленген орунда болот. Валий иштен бошотулуп, (башка вилаятка) кайрадан дайындалат.

Валийлер

93-берене

Эгер халифа валийди иштен четтетүүнү ылайык тапса, же Үммөт межлиси бирер себептен улам же эч кандай себепсиз ага нааразы экендигин билдирсе, же вилаятындагы элдин көпчүлүгү ага наа-разы экендигин билдирсе, валий иштен четтетилет. Аны иштен четтетүү бир гана халифа тарабынан ишке ашырылат.

Валийлер

94-берене

Валийлердин иштерин текшерип туруу, аларды катуу көзөмөлгө алуу, алардын абалын аныктоо жана иш-аракетин текшерүү үчүн өзү тарабынан орунбасарларды дайындоо, алардын баарын же бир бөлүгүн мезгил-мезгили менен чогултуп туруу, жарандардын алар үстү-нөн кылып жаткан даттанууларына кулак салуу – булардын баары халифанын милдети.

Валийлер

Өйдөгө
Өйдөгө
Өйдөгө