Казылык – бул мажбурий түрдө шаръий өкүмдү билдирүү дегени. Казылык адамдар ортосундагы келишпөөчүлүктөрдү ажырым кылат, жамааттын акысына зыян келтире турган нерселерге тыюу салат жана адамдар менен өкмөт жихазындагы ар кандай адамдын – аким же кыз-матчы, халифа же башкалардын – ортосундагы чыр-чатактарга чек коёт.
Халифа балагат жашына жеткен, азат, мусулман, толук акылга ээ, адилеттүү, фикх аалымдарынан болгон эркек кишилерден башкы казыны дайындайт. Ага идарий мыйзамдар алкагында казыларды дайындоо, жазалоо жана иштен четтетүү укуктары берилет. Мекеменин башка кызматчыларына карата бул укуктар мекеме иштерин башкара турган идара мүдүрлөрүнө берилет.
Казылар үч түрдүү болот:
1.Казы – ал мамиле жана жаза-чаралары жаатында адамдар ортосунда жүз бере турган келишпөөчүлүктөрдү ажырым кылат.
2.Мухтасиб – ал жамааттын акысына зыян келтире турган мыйзам бузууларды ажырым кылат.
3.Мазолим казысы – ал адамдар менен мамлекет ортосунда жүз бере турган чыр-чатактарды жоёт.
Казылыкка дайындалып жаткан адам мусулман, азат, балагат жашына жеткен, толук акылга ээ, адилеттүү, факих, өкүмдөрдү вакиъге байлай ала турган болушу шарт. Мазолим казылыгына дайындалып жаткан адамдын бул шарттарга кошумча түрдө эркек киши жана мужтахид болушу да шарт.
Казы жана мухтасиб мамлекеттин бардык жерлерине жана казылыктын бардык түрлөрүнө умумий дайындалышы мүмкүн болгону сыяктуу, белгилүү бир жерге жана казылыктын белгилүү бир түрлө-рүнө чектелип дайындалышы да мүмкүн. Ал эми, мазолим казысы казылык иштеринде жалпы дайындалат. Дайындалуу жери болсо, мамлекеттин бардык жерлери же белгилүү бир жери болушу мүмкүн.
Соттук мекеме казылык иштеринде ажырым кылуу укугуна ээ болгон бир эле казыдан түзүлүшү керек. Аны менен бирге башка бир же бир нече казылар болушу да мүмкүн. Бирок, аларда өкүм чыгаруу укугу болбойт, балким, алар кеңеш берүү жана пикир билдирүү укугуна ээ болушат. Алардын райы казы үчүн мажбурий эмес.
Казы бир гана казылык межлисинде өкүм чыгарышы мүмкүн. Күбөнүн көрсөтмө берүүсү жана ант ичүү казылык межлисинде гана этибарлуу болуп саналат.
Карала турган иштердин түрүнө карай мекемелердин даражалары ар түрдүү болушу жайиз. Кээ бир казылар белгилүү бир чегарада белгилүү бир иштерди кароого чектеп дайындалышы жана бул иштерден башкалары башка мекемелерге тапшырылышы мүмкүн.
Апелляция жана кассация мекемелери болбойт. Бирер иштин үстүнөн чыгарылган өкүм катъийлик жагынан бирдей даражада болот. Эгер казы өкүмдү айтса, анын бул өкүмү өтүмдүү. Анын бул өкүмү ишке ашырылат. Бул өкүмдү башка казынын өкүмү эч качан бекер кыла албайт. Болгону, Исламдан башка нерсе менен өкүм кылган болсо, же Китеп, Сүннөт же сахабалар ижмасына тескери болсо, же болбосо, акыйкатка тескери өкүм чыгарганы анык болсо, анда бекер кылат.
Мухтасиб калк укуктарынан болуп, доогери болбой турган, хаддар жана жинаяттарга кирбей турган бардык иштерди карап чыга турган казы эсептелет.
Мухтасиб мыйзам бузууларды билер замат кайсыл жерде болсо да, алардын үстүнөн казылык межлисисиз өкүм чыгаруу укугуна ээ. Анын буйруктарын аткаруу үчүн анын кол астына бир нече шурта кызматкерлери берилет. Ал чыгарган өкүм дароо аткарылат.
Мухтасиб мухтасибдик шарттары толук бар болгон адамдардан өзүнө орунбасарларды тандап алуу укугуна ээ жана аларды ар түрдүү жерлерге тарката алат. Бул орунбасарларга алар дайындалган региондордо аларга тапшырылган иштер боюнча мухтасибдик милдетин аткаруу укугу берилет.
Мазолим казысы – Ислам мамлекетинин жараны болушуна, же башка мамлекеттин жараны болушуна карабастан – мамлекет бийлиги астында жашаган бирер бир адамга карата мамлекет тарабынан кылынган ар кандай зулумду жоюу үчүн дайындала турган казы. Зулумдун халифа тарабынан же андан башка аким жана кызматчылар тарабынан кылынгандыгынын айырмасы жок.
Мазолим казысы халифа же башкы казы тарабынан дайындалат. Ал эми, аны мухасаба кылуу, жазалоо жана иштен четтетүү халифа тарабынан же халифа укук берген болсо, мазолим мекемеси же башкы казы тарабынан ишке ашырылат. Бирок, мазолим казысы халифа, тафвид муавини же башкы казынын үстүнөн бирер даттанууну көрүп чыгып жаткан убакта аны иштен четтетүү жайиз эмес.
Мазолим казысы бир же бир нече адамдар менен чектелбейт, балким, мамлекет жетекчиси зулумдарды жоюу үчүн керек болгон өлчөмдө мазолим казыларын – алардын саны канча болушуна карабастан – дайындоо укугуна ээ. Бирок, түздөн-түз өкүм чыгарылып жаткан убакта өкүм чыгаруу укугу бир эле казыда болот. Казылык межлисинде аны менен бирге бир нече мазолим казылары катышуулары мүмкүн. Алар кеңеш берүү укугуна гана ээ болуп, алардын райы мазолим казысы үчүн мажбурий эмес.
Мазолим мекемеси халифаны милдетинен четтетүү укугуна ээ болгондой эле, мамлекеттеги ар кандай аким же кызматчыны иштен алуу укугуна да ээ.
Мазолим мекемеси ар кандай зулумду карап чыгуу укугуна ээ. Бул орунда зулумдар мамлекет жихазындагы адамдарга тие-шелүү болушунун, же халифанын шарият өкүмдөрүнө тескери иштерине, же мамлекет жетекчиси табанний кылган конституция, мыйзам жана башка шаръий өкүмдөрдөгү мыйзамчылык документтеринин кайсы биринин маанисине, же бирер салык салууга, же башка иштерге тиешелүү болушунун айырмасы жок.
Мазолим казылыгында казылык межлиси, жоопкерди чакыруу жана доогердин болушу шарт кылынбайт. Балким, мекеме эч ким доо кылбаса да, зулумду көрүп чыгуу укугуна ээ.
Ар бир адам касташууда да, коргоодо да каалаган адамын – мусулман же кайрымусулманды, эркек же аялды – өзүнөн өкүл кылуу укугуна ээ. Мында өкүл кылуучу менен өкүл кылынуучунун ортосунда айырма жок. Өкүл өкүлдүгү үчүн акы алышы жайиз. Акы эки тараптын ыраазылыгына карап белгиленет.
Васий жана валий сыяктуу шахсий иштерде, же халифа, аким, кызматчы, мазолим казысы жана мухтасиб сыяктуу умумий иштерде укукка ээ болгон ар кандай адам касташуу же коргоо жаатында – васий же валий, халифа, аким, кызматчы, мазолим казысы же мухтасиб катары – өз ордуна өзүнүн бардык укугунда өкүл дайындоо мүмкүнчүлүгүнө ээ. Мындай абалда анын доогер же жоопкер болушунун айырмасы жок.