Башкы бет
Жалпы өкүмдөр
Башкаруу түзүмү
Халифа
Тафвид муавини
Танфиз муавини
Жихад амири
Кошуун
Казылык
Валийлер
Идарий жихаз
Үммөт межлиси
Ижтимаий түзүм
Экономикалык түзүм
Таалим саясаты
Тышкы саясат

101-берене

Мусулмандардын райын билдире турган жана зарыл болгондо халифа кайрыла турган адамдар Үммөт межлисин түзүшөт. Кайрымусулмандар да акимдердин зулуму же Ислам өкүмдөрүнүн туура эмес колдонулуп жатканынан даттануу үчүн Үммөт межлисинин курамында болуулары мүмкүн.

Үммөт межлиси

102-берене

Үммөт межлисинин мүчөлөрү шайлоо жолу менен шайланат.

Үммөт межлиси

103-берене

Ислам мамлекетинин жараны болгон ар бир адам – эркек же аял, мусулман же кайрымусулман болушуна карабастан – балагат жашына жеткен жана толук акылга ээ болсо, Үммөт межлисине мүчө болуу укугуна ээ. Бирок, кайрымусулмандын мүчөлүк укугу акимдер зулумунан же Ислам өкүмдөрүнүн туура эмес колдонулуп жатканынан даттануу менен чектелет.

Үммөт межлиси

104-берене

Шуро жана машварат – жалпысынан рай алууну түшүн-дүрөт. Ал мыйзамчылык (ташриъ), аныктама (таъриф), ар түрдүү ачылыштар (кашф) сыяктуу пикирий иштерде, фан жана илим иштеринде мажбурий эмес. Амалий иштерде жана машваратка тиешелүү болбогон иштерде халифа машварат сураганда анын колдонулушу мажбурий болуп калат.

Үммөт межлиси

105-берене

Шуро (кеңеш берүү) мусулмандардын гана укугу болуп, кайрымусулмандар мындай укукка ээ эмес. Ал эми, өз райын билдирүү мусулман же кайрымусулман болгон бардык адамдар үчүн жайиз.

Үммөт межлиси

106-берене

Шуро тарабынан көрүп чыгылышы мажбурий болгон маселелер туурасында халифа кеңеш сураганда – туура же туура эмес болушуна карабастан – көпчүлүктүн райы алынат. Шуро темасына кире турган башка маселелерде – көпчүлүк же азчылыгына карабастан – туура рай алынат.

Үммөт межлиси

107-берене(1)

Үммөт межлиси төмөнкү беш укукка ээ:

1 - а) Халифа Үммөт межлисинен кеңеш сурап кайрылганда, ага кеңеш берилсе, төмөнкү терең талкуу жана дыкат назар салууга муктаж болунбаган: башкаруу, таалим, саламаттыкты сактоо, экономика, соода, өнөржай, айыл чарбачылыгы сыяктуу тармактарда Үммөт межлисинин райы мажбурий алынат.

б) Терең талкуу жана дыкат назар салууга муктаж болгон фан, кошуун, тышкы саясат, финансы сыяктуу тармактарда халифа межлистен кеңеш сурап, анын райынан кабардар болуу үчүн кайрылышы мүмкүн, бирок, межлистин райын алышы мажбурий эмес.

2 - Халифа табанний кылмакчы болгон өкүм жана мыйзамдарды Үммөт межлисине сунуштайт. Межлистин мусулман мүчөлөрү бул өкүм-дөрдү талкуулап, өз пикирлерин билдирүүгө акылуу. Бирок, алардын райын алуу мажбурий эмес.

Үммөт межлиси

107-берене(2)

3 - Үммөт межлиси мамлекетте жүз берип жаткан – ички же тышкы иштер, финансы, аскерий жана башка тармактардагы – бардык иштерди мухасаба кылуу укугуна ээ. Анын райы көпчүлүктүн райы алынышы керек болгон иштерде мажбурий, көпчүлүктүн райы алынышы керек болбогон иштерде болсо мажбурий эмес. Эгер Үммөт межлиси халифа менен шаръий жактан бирер ишке ашкан маселе үстүндө келише албай калса, бул иштин шаръийлиги же шаръий эместиги туурасында Мазолим мекемесинин райына кайрылынат жана ушул мекеменин райы мажбурий болот.

4 - Үммөт межлиси муавиндер, валийлер жана аамилдерге нааразылык билдирүүгө акылуу. Бул иште анын райын алуу мажбурий. Үстүнөн нааразылык билдирилгендерди халифа дароо кызматтан четтетиши важиб.

5 - Үммөт межлисинин мусулман мүчөлөрү халифалыкка талапкерлерди белгилөө укугуна ээ болушат. Бул иште алардын райын алуу мажбурий. Алар сунуш кылбаган башка талапкерлер кабыл алынбайт.

Үммөт межлиси

Өйдөгө
Өйдөгө
Өйдөгө