Башкаруу түзүмү – бир бүтүн түзүм. Иттихад (федерация) эмес.
Башкаруу борбордук болот, ал эми, идарий иштер борбордук болбойт.
Акимдер төртөө: халифа, тафвид муавини, валий жана аамил. Булардан башкалар аким эмес, балким, жооптуу адамдар (музофун) болушат.
Башкарууга же башкарууга тиешелүү ар кандай ишке азат (кул эмес), балагатка жеткен, акылга ээ, адилеттүү, жүктөлгөн ишти аткарууга кудуреттүү эркек киши гана башчы боло алат. Мындан тышкары, анын мусулман болушу да шарт.
Акимдерди мухасаба кылуу (эсеп-китеп кылып тергеп туруу) мусулмандардын укугу жана алар үчүн фарзи кифая. Жарандар арасындагы кайрымусулмандар болсо акимдердин зулумуна жана аларга Ислам өкүмдөрүнүн жаман колдонулуп жатканына нааразыланып даттануу укугуна ээ.
Мусулмандар акимдерди мухасаба кылуу же Үммөт аркылуу бийликти колго алуу үчүн саясий хизбдер түзүү укугуна ээ. Бирок, ушул хизбдердин негизи Ислам акыйдасы болушу керек, табанний кылган өкүмдөрү болсо шаръий өкүмдөрдөн болушу шарт. Хизб түзүүгө эч кандай уруксаттын кажети жок. Исламдан башка негизге курулган ар кандай топко тыюу салынат.
Башкаруу түзүмү төрт коида негизине курулат:
1. Кожоюндук (сиядат) шарияттыкы, элдики эмес.
2. Бийлик (салтанат) – Үммөттүкү.
3. Бир халифаны шайлоо – мусулмандар үстүндөгү фарз.
4. Шарият өкүмдөрүн табанний кылуу бир гана халифанын укугу. Ал гана конституция жана башка мыйзамдарды жолго коёт.
Мамлекет жихазы сегиз түркүк үстүнө курулат:
1. Халифа.
2.Тафвид муавини.
3.Танфиз муавини.
4.Жихад амири.
5.Казылар.
6.Валийлер.
7.Мамлекет кызыкчылыктары башкармалыгы (идарий жихаз)
8.Үммөт межлиси.