Башкы бет
Жалпы өкүмдөр
Башкаруу түзүмү
Халифа
Тафвид муавини
Танфиз муавини
Жихад амири
Кошуун
Казылык
Валийлер
Идарий жихаз
Үммөт межлиси
Ижтимаий түзүм
Экономикалык түзүм
Таалим саясаты
Тышкы саясат

119-берене

Экономикалык саясат – муктаждыктарды кандырууга этибар берилген убакта – коомдун кандай болушу керектигине көңүл буруудан турат. Коомдун кандай болушу керектиги муктаждыктарды кандыруу үчүн негиз кылып алынат.

Экономикалык түзүм

120-берене

Экономикалык проблема калктын ар бир адамына байлык жана пайдаларды бөлүштүрүп берүүдөн о.э. байлык жана пайдаларды колго киргизүүгө жана алар үчүн аракет кылууга мүмкүнчүлүк жаратып берүү аркылуу адамдарга байлык жана пайдалардан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн жаратып берүүдөн турат.

Экономикалык түзүм

121-берене

Адамдардын ар бири үчүн негизги муктаждыктарды толук кандыруу кепилдениши о.э. жогорку даражадагы муктаждыктарын мүмкүн болушунча эң жогорку даражада кандыруу мүмкүнчүлүгү камсыздалышы важиб.

Экономикалык түзүм

122-берене

Мүлк жалгыз Алланыкы. Алла адамды мүлктү башкарууда Өзүнүн халифасы деп жарыя кылды. Мына ушул берилген жалпы ишеним менен адам мүлккө ээлик кылуу укугуна ээ болду. Алла адамга мүлктү колго киргизүүгө уруксат берди. Мына ушул атайын уруксат менен адам иш жүзүндө мүлк ээсине айланды.

Экономикалык түзүм

123-берене

Мүлк үч түрдүү болот: фардий (жеке менчик) мүлк, умумий (жалпы элдик) мүлк жана мамлекеттик мүлк.

Экономикалык түзүм

124-берене

Фардий мүлк айн (бар нерсе) же пайда менен белгиленген шаръий өкүм болуп, бул өкүм фардий мүлк ээсине ошол нерседен пайдалануу жана анын ордуна акы алуу мүмкүнчүлүгү жаратылышын талап кылат.

Экономикалык түзүм

125-берене

Умумий мүлк – жамаатка айндан ортоктош пайдаланууга Шариъ тарабынан берилген уруксат.

Экономикалык түзүм

126-берене

Сарпталышы халифанын райы жана ижтихадына байланыштуу болгон ар кандай мал – салык, жизя, хирож сыяктуулар – мамлекеттик мүлк эсептелет.

Экономикалык түзүм

127-берене

Кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөгү фардий мүлк-чүлүк төмөнкү беш шаръий себеп менен чектелген:

а) Эмгек.
б) Мурас.
в) Жашоо үчүн малга (мүлккө) болгон муктаждык.
г) Мамлекеттин өз мүлкүнөн калкка бериши.
д) Адамдар мал же күч сарптабай ала турган малдар.

Экономикалык түзүм

128-берене

Мүлктү тасарруф кылуу – аны сарптоо менен болобу, көбөйтүү менен болобу – Шариънин уруксаты менен чектелген. Ысырапкордукка, ыксыз сапыруучулукка жана зыкымдыкка тыюу салынат. Капиталисттик компанияларга, кооперативдик коомдорго жана башка шариятка тескери болгон мамилелерге тыюу салынат. Сүткордук, өтө ашырып баа коюу, монополия, кумар ж.б.у.с. иштерге тыюу салынат.

Экономикалык түзүм

129-берене

Калкы өз ыктыяры менен Исламга кирген жерлер жана Арабстан жарым аралынын жерлери ушрий жерлер эсептелет. Арабстан жарым аралынан тышкары согуш же келишим менен фатх кылынган жерлер хирожий жерлер болот. Ушрий жерлердин өзүнө да, пайдасына да адамдар ээлик кылышат. Ал эми, хирожий жерлер мамлекеттик мүлк эсептелип, адамдар анын пайдасына гана ээлик кылышат. Ар бир адам ушрий жерлердин өзүн, хирожий жерлердин пайдасын шаръий кели-шимдер менен алмаштыруу укугуна ээ. Жерлер да башка мал-мүлктөр сыяктуу мурас болуп калат.

Экономикалык түзүм

130-берене

Бош жерлер иштетүү жана айланасын коргондоп алуу менен мүлк кылып алынат. Башка жерлер болсо шаръий себептер – мурас, сатып алуу, мамлекеттин ажыратып бериши сыяктуулар – аркылуу гана мүлккө айланат.

Экономикалык түзүм

131-берене

Жерди – хирожий же ушрий болсо да – дыйканчылык үчүн ижарага берүүгө о.э. музораага (эгинге шерик болуу шарты менен жерин башкага берүүгө) да тыюу салынат. Ал эми, мусокот (бак кылынган жерди ижарага берүү) жайиз.

Экономикалык түзүм

132-берене

Жерге ээ болгон ар бир адам андан пайдаланышы керек. Муктаж адамга жерден пайдалануу мүмкүнчүлүгүн бере турган каражаттар Байтул малдан берилет. Үч жылга чейин жерин иштетпестен таштап койгон ар кандай адамдан жер тартып алынат да, башкага берилет.

Экономикалык түзүм

133-берене

Умумий мүлк үч нерседе көрүнөт:

а) Жамаат зарылдыктары деп эсептеле турган бардык нерселер: шаардын көчө жана аллеялары сыяктуу.
б) Бүтпөс-түгөнбөс кендер: мунай кендери сыяктуу.
в) Табияты адамды ага ээлик кылууга тыюу сала турган нерселер: дарыялар сыяктуулар.

Экономикалык түзүм

134-берене

Ишкана табиятына карай фардий мүлк эсептелет. Бирок, ал өзүндө өндүрүлө турган продукциянын өкүмүн алат. Эгер продукция фардий мүлк эсептелсе, ишкана да фардий мүлк болот: токуучулук ишканалары сыяктуу. Эгер продукция умумий мүлктөн болсо, ишкана да умумий мүлк эсептелет: темир иштеп чыгаруу ишканалары сыяктуу.

Экономикалык түзүм

135-берене

Мамлекет фардий мүлктү умумий мүлккө айландырышы мүмкүн эмес. Анткени, умумий мүлк - мамлекеттин райына карап эмес, балким, мүлктүн өзүнө жана сыпатына карай өз ордун табат.

Экономикалык түзүм

136-берене

Үммөттүн ар бир өкүлү умумий мүлкчүлүк алкагына кире турган бардык байлыктардан пайдалануу укугуна ээ. Мамлекет бирер адамга умумий мүлккө ээлик кылууга же аны өз пайдасына моюн сундурууга (эксплуатациялоого) уруксат берип, калкты андан куру калтырышы таптакыр мүмкүн эмес.

Экономикалык түзүм

137-берене

Мамлекет калк кызыкчылыктарын көздөгөн абалда корук жерлерди же жалпы мүлк эсептелген нерселерди өз коргоосуна алып коюшу мүмкүн.

Экономикалык түзүм

138-берене

Байлыкты казына кылып басып жатууга – мейли зекети берилсе да – тыюу салынат.

Экономикалык түзүм

139-берене

Зекет мусулмандардан жыйып алынат. Зекет шарият белгилеп берген мүлктөрдөн – акча, соода каражаттары, чарба малдары жана дан-эгиндеринен – алынат. Шариятта көрсөтүлбөгөндөрдөн алынбайт. Зекет – балагат жашына жеткен, акылы толук мукаллаф болушуна, же наристе, же жинди болгон мукаллаф эмес болушуна карабастан – ар бир мүлк ээсинен алынат. Алынган малдар Байтулмалдын атайын белгиленген бөлүмүнө коюлат жана Куранда айтылган сегиз топтун бирине же бир нечесине сарпталат.

Экономикалык түзүм

140-берене

Жизя зиммийлерден жыйып алынат. Эгер төлөөгө кудуреттүү болушса, балагатка жеткен эркектерден алынат. Аялдар жана балдардан алынбайт.

Экономикалык түзүм

141-берене

Хирож хирожий жерлерден мүмкүнчүлүгүнө карап жыйып алынат. Ушрий жерлерден болсо түшкөн түшүмдөн зекет (ушр) алынат.

Экономикалык түзүм

142-берене

Мусулмандардан Байтулмалдын сарп-каражаттарын каптоо үчүн шарият уруксат берген салыктар жыйып алынат. Мунун шарты, салыктар мүлк ээсинин адаттагы муктаждыктарынан ашкан мал-мүлкүнүн эсебинен алынат о.э. мамлекеттин муктаждыктарын каптоого жетиштүү болушуна көңүл бурулат. Кайрымусулмандардан эч кандай салык алынбайт. Алардан болгону жизя алынат.

Экономикалык түзүм

143-берене

Шарият Үммөткө важиб кылган ар кандай ишти аткаруу үчүн Байтул малда каражат болбосо, жоопкерчилик Үммөттүн мойнуна өтөт. Мындай абалда, мамлекет салык салуу аркылуу бул каражатты Үммөттөн жыйып алуу укугуна ээ. Шарият Үммөткө важиб кылбаган иштер үчүн болсо, мамлекеттин салык салышы жайиз эмес. Мамлекет мекеме жана идараларды камсыздандыруу үчүн же бирер кызыкчылыкты жүзөгө чыгаруу үчүн салык алышы жайиз эмес.

Экономикалык түзүм

144-берене

Мамлекеттик бюджеттин шаръий өкүмдөр тастыктаган туруктуу бөлүктөрү бар. Бирок, бюджеттин белгилүү бир бөлүмдөрү, ар бир бөлүмгө ажыратыла турган каражаттар жана бул каражаттардын ар бир бөлүмдө кайсыл иштерге адистештирилиши халифанын райы жана ижтихадына калтырылат.

Экономикалык түзүм

145-берене

Байтулмалдын туруктуу кирешелери: файдын (душмандан согушсуз алынган олжолордун) баары, жизя, хирож, риказдын (фатх кылынганга чейин жашырып коюлган байлыктардын) бештен бири жана зекет. Бул каражаттар аларга муктаждык болбосо да ар дайым алынат.

Экономикалык түзүм

146-берене

Байтулмалдын туруктуу кирешелери мамлекеттин сарп-каражаттарын каптоого жетиштүү болбосо, мамлекет мусулмандардан салык алууга акылуу. Салыктар төмөнкү иштер үчүн гана алынышы шарт:

а) Факирлер, мискиндер, мусапырларга о.э. жихад фарзын аткарууга Байтулмалдан сарптоо важиб болгон каражаттарды каптоо үчүн.

б) Байтулмалдан төлөм катары берилиши важиб болгон каражаттарды каптоо үчүн: кызматчылардын маяналары, кошуундун керектөө-лөрү, акимдерге ажыратыла турган нафакалар.

в) Жалпы кызыкчылык жана ыңгайлуулуктарды жаратуу катарында Байтулмалдан кайтарымсыз берилиши важиб болгон каражаттарды каптоо үчүн: жолдорду куруу, суу менен камсыздоо, мечит, медресе жана ооруканаларды куруу сыяктуу.

г) Калк ачарчылык, суу ташкындары жана жер титирөөлөр сыяктуу кырсыктарга дуушар болгон убакта Байтулмалдан зарылдык жүзөсүнөн берилиши важиб болгон каражаттарды каптоо үчүн.

Экономикалык түзүм

147-берене

Мамлекеттин чегараларындагы бажыканалардан алына турган, умумий мүлк же мамлекеттик мүлктөн пайда боло турган жана мураскорсуз кала турган каражаттар жана муртаддардын мал-мүлкү Байтулмалдын кирешелеринен эсептелет.

Экономикалык түзүм

148-берене

Байтулмалдын каражаттары төмөнкү алты орунга бөлүштүрүлөт:

а) Зекет малдарын алууга акылуу болгон сегиз топко зекет бөлүгүнөн сарпталат (эгер зекет бөлүгүндө каражат болбосо, аларга эч нерсе сарпталбайт).

б) Факирлер, мискиндер, мусапырлар, жихад жана карыздарларга – эгер зекет бөлүгүндө каражат болбосо – Байтулмалдын туруктуу кирешелеринен сарпталат. Эгер Байтулмалдын туруктуу кирешелеринде да каражат болбосо, анда факирлер, мискиндер, мусапырлар жана жихад каражаттарын каптоо үчүн салыктар жыйып алынат, ал эми, карыздарларга алардан сарпталбайт. Эгер тартипсиздиктер (фасад) коркунучу жүзөгө келсе, бул каражаттарды каптоо үчүн карыз алынат.

в) Кызматчылар, акимдер жана аскерлер сыяктуу мамлекет үчүн кызмат кылып жаткан адамдарга да Байтулмалдан сарпталат. Эгер Байтулмалдагы каражат жетиштүү болбосо, бул каражаттарды каптоо үчүн дароо салыктар салынат. Эгер тартипсиздиктер коркунучу жүзөгө келсе, бул каражаттарды каптоо үчүн карыз алынат.

г) Жолдор, мечиттер, медреселер жана ооруканаларды куруу сыяктуу негизги жалпы кызыкчылыктар жана ыңгайлуулуктар үчүн да Байтулмалдан сарпталат. Эгер Байтулмалдагы каражат жетпесе, бул каражаттарды каптоо үчүн ошол замат салыктар салынат.

д) Жогору даражадагы жалпы элдик кызыкчылыктар жана ыңгайлуулуктар үчүн Байтулмалдан сарпталат. Эгер Байтулмалда каражат жетпесе, аларга эч нерсе сарпталбайт, кийинкиге калтырылат.

е) Жер титирөө жана суу ташкындары сыяктуу кырсыктарга да Байтулмалдан сарталат. Эгер каражат болбосо, бул каражаттарды каптоо үчүн тезинен карыз алынат. Кийин бул карыз жыйыла турган салыктардын эсебинен төлөнөт.

Экономикалык түзүм

149-берене

Мамлекет ар бир жаранды жумуш менен камсыздоо кепилдигин алат.

Экономикалык түзүм

150-берене

Компаниялар жана адамдардын кол астындагы кызматчылары да мамлекеттик кызматчылар ээ болгон бардык укук жана милдеттерге ээ болушат. Акы эсебине мээнет кылуучу ар бир адам – жумуштун же жумушчунун түрүнө карабастан – кызматчы болуп эсептелет. Эгер жумушчу жана жалдоочу адам эмгек акысы үстүндө келише албай калышса, ажрул-мислге (дал ушул ишке окшогон жумуш үчүн төлөнө турган эмгек акыга) карап өкүм кылынат, башка иштерде келише алыш-паса, шарият өкүмдөрүнө ылайык ижара келишимине карап өкүм чыгарылат.

Экономикалык түзүм

151-берене

Эмгек акысы жумуштан же жумушчунун өзүнөн келе турган пайдага карап белгилениши мүмкүн. Жумушчунун маалыматы же илимий даражасына карап белгиленбейт. Кызматчылар үчүн кошумча сыйлыктар болбойт, балким, алар – жумуш же жумушчунун өзүнө карап белгиленишине карабастан – өздөрүнүн эмгек акыларын толук алышат.

Экономикалык түзүм

152-берене

Эч кандай каражатка ээ болбогон, жумушсуз жана карай турган жакындары болбогон адамдарды мамлекет камсыздайт. Алсыз жана майып адамдарды өз карамагына алат.

Экономикалык түзүм

153-берене

Мамлекет байлыктардын элдин ортосунда барабар айланып турушуна олуттуу көңүл бурат, бир топтун гана колуна өтүп калышына жол койбойт.

Экономикалык түзүм

154-берене

Мамлекет ар бир адамга бардык муктаждыктарын кандыруу мүмкүнчүлүктөрүн жаратып берүү о.э. коомдогу тең салмактуулукту сактоо проблемасын төмөнкүдөй жол менен чечет:

а) Мамлекет Байтулмалдагы кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөр-дөн, олжолор жана ушул сыяктуулардан берет.

б) Жетиштүү жерге ээ болбогон адамдарга өнүмдүү жерлерден ажыратып берет. Ал эми, жери боло туруп, андан пайдаланбай жаткан адамдарга бербейт. Дыйканчылык кылууга алы келбеген адамдарга бул мүмкүнчүлүккө ээ болушу үчүн каражат ажыратат.

в) Карыз төлөөгө алсыз болгон адамдардын карыздарын зекет, олжо жана ушул сыяктуулардын эсебинен төлөйт.

Экономикалык түзүм

155-берене

Мамлекет түшүмдүүлүктүн эң жогорку даражасында жерден пайдаланууну ишке ашыра турган дыйканчылык саясатынын талаптарына ылайык, дыйканчылык иштерин жана продукцияларын көзө-мөлдөп турат.

Экономикалык түзүм

156-берене

Мамлекет бардык өнөржай тармактарын көзөмөлгө алат, умумий мүлк тутумуна кире турган өнөржай тармактарына түздөн-түз жетекчилик кылат.

Экономикалык түзүм

157-берене

Тышкы соода мамилелеринде товар иштеп чыгарылган жерге карай эмес, балким, соодагердин жарандыгына карай мамиле кылынат. Ошондуктан, биз менен согуш абалында болгон мамлекеттин соодагерлерине биздин өлкөбүздө иш-аракет алып барууга уруксат берилбейт, бир гана соодагер же мал үчүн атайын уруксат менен уруксат берилет. Биз менен келишим түзгөн мамлекеттердин соодагерлерине ортодогу келишимдин шарттарына карай мамиле кылынат. Ислам мамлекетинин жараны болгон соодагерлерге мамлекет муктаж болгон нерселер жана душманды аскерий, өнөржай жана экономикалык жактан күчөтө турган нерселерди тышкарыга алып чыгууга уруксат берилбейт, ал эми, бул соодагерлердин өздөрү ээ болгон ар кандай малды алып кириши чектелбейт. Израиль сыяктуу биз менен иш жүзүндө согуш абалында турган мамлекет мындан тышкары. Мындай мамлекеттер соода же ар кандай башка мамилелерде иш жүзүндө дарул-харб (согуш дияры) өкүмүндө болот.

Экономикалык түзүм

158-берене

Калктын бардык адамдары турмуштун бардык тармактарына тиешелүү болгон илимий лабораторияларды ачуу укугуна ээ болушат. Негизи, мындай лабораторияларды ачуу мамлекеттин милдети.

Экономикалык түзүм

159-берене

Үммөт же мамлекетке зыян келтире турган заттарды иштеп чыгаруучу лабораторияларга адамдардын ээлик кылышына тыюу салынат.

Экономикалык түзүм

160-берене

Мамлекет бардык адамдар үчүн акысыз медициналык кызматты камсыздайт, бирок, дарыгерлерди жалдоого жана дары-дармек соодасына тыюу салбайт.

Экономикалык түзүм

161-берене

Мамлекетке чет эл каражаттарын алып кирүүгө жана аларды инвестиция кылууга о.э. ар кандай чет элдикке артыкчылык берүүгө тыюу салынат.

Экономикалык түзүм

162-берене

Мамлекет өзүнө таандык, ар кандай тышкы таасирден көз карандысыз болгон акча чыгарат. Бул акча эч кандай чет элдик акчаларга байланыштуу болбоосу керек.

Экономикалык түзүм

163-берене

Мамлекеттин акчалары чегилген же чегилбеген абалдагы алтын жана күмүштөн турат. Мамлекеттин алтын жана күмүштөн башка акчасы болушу мүмкүн эмес. Мамлекет алтын жана күмүш ордуна башка нерседен акча чыгарышы мүмкүн, мунун шарты, мамлекет казынасында ошол акча барабарында алтын жана күмүш болушу керек. Т.а. мамлекет жез, коло, кагаз же башка нерселерден акча чыгарып, эгер бул акчанын алтын жана күмүштөн толук эквиваленти болсо, аны өз атынан басып чыгарышы мүмкүн.

Экономикалык түзүм

164-берене

Мамлекеттин өз валютасын айырбаштоосу мүмкүн болгондой эле, бул валюта менен башка мамлекеттердин валюталарын өз ара айырбаштоосу да жайиз. Валюталар жынысы ар түрдүү болсо, айырбаштоодо биринин наркы экинчисиникинен ашыкча болушу мүмкүн, аларды айырбаштоо колдон-колго өтүү шарты менен жайиз. Насыя болушу мүмкүн эмес. Валюта жыныстары ар түрдүү болсо, айырбаштоо наркын эч бир чектөөсүз өзгөртүүгө уруксат берилет. Калктагы ар бир адам ичкериден да, тышкарыдан да каалаган валютаны жана бул валюта эсебине эч кандай уруксатка муктаж болбогон абалда ар кандай валюта жана башка буюмдарды сатып алуу укугуна ээ.

Экономикалык түзүм

Өйдөгө
Өйдөгө
Өйдөгө